Menu

Видео – Элвира Сурабалдиева: “Интернатта тарбияланган жетим балдар 18 жаштан кийин жумуш таппаса, талаада калып жатышабы?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңеште жыйын өтүп жатат. Анда депутат Элвира Сурабалдиева ата-энеси миграцияда жүргөн балдар зордук-зомбулук фактыларына катталып жатканын билдирди.

“Азыркы учурда ата-энеси миграцияда жүргөн, областтар, райондор, региондор боюнча бөлүнгөн канча бала бар? Ошондой эле ата-энеси миграцияда жүргөн балдарга карата зордук-зомбулук фактылары көп катталып жатат. Ошол балдар кимдин көзөмөлүндө?”, – деп суроо узатты депутат Сурабалдиева.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, азыр каттоодо турган 106 миң 975 бала бар.

“Бизде каттоодо турган бүгүнкү күндө 106 миң 975 бала бар. Мигранттардын балдары туугандарынын колунда. Үймө-үй кыдырып, ар бир баланы мониторинг кылганга физикалык жактан мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Кээ бир райондордо балдар боюнча иштеген адисибизге 57 миңдей бала туура келип жатат”, – деп билдирди министр Улукбек Кочкоров.

Ошондой эле, депутат Сурабалдиева интернатта тарбияланган жетим балдар 18 жаштан кийин жумуш таппаса, алар кайда барышат деген суроону узаткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: