Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп өттү. Анда депутат Махабат Мавлянова интернатта тарбияланган балдар боюнча маселени көтөрдү.
Анын айтымында, 18 жашка чыгып мекемеден кеткенден кийин, балдардын колуна директорлор 1000 сом эле карматып коет.
“Интернатта тарбияланган жетим балдар жөлөк пулду кантип алышат? Менин билгеним боюнча, интернатта тарбияланган жетим балдар окуу жайдан акча каражаты жок чыгат. Мекеменин директорлору 1000 сом эле карматып коет”, – деп билдирди Махабат Мавлянова.
Ал эми, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, 18 жашка чыкканча жетим балдарга жеке өзүнө банктан атайын эсеп ачтырылып, акча чогултулат.
“Интернатта тарбияланган балдарга банктан өзүнүн жеке эсебин ачтырып, акча чогултулат. 18 жашка чыкканда ошол акча каражатка интернатта тарбияланган бала ээ болушу керек”, – деп билдирди Кочкоров.
Депутат Мавлянова бул балдар боюнча маселени карап, чечип берүүнү өтүндү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ