Menu

Видео – Аалы Карашев: “Улуттук банк $2,5 млрд резерв кармап, улуттук акчабыз – сомдун курсун түшүрбөй келе жатканы – бул чоң искусство”

Бөлүшүү:

Депутат Аалы Карашев акыркы 3 жылдагы Улуттук банктын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү канча экенин сурады. Бүл тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы банктын кирешеси 2 миллиард 300 миллион, 2018-жылы 2 миллиард 103 миллион, 2019-жылы 2 миллиард 565 миллион сом болгонун билдирди. Ошондой эле, ал мыйзам боюнча Улуттук банктын киреше табуу максаты жок экенин белгилеп өттү.

“Улуттук валютанын туруктуулугун кармап туруу – чоң искусство. Азыр болуп жаткан кырдаалга байланыштуу өлкөдө кризис болуп жатат. Азыр ар бир тыйындын баасы көзөмөлдө. Ошондуктан, Улуттук банктын 2019-жылдагы пайдасынын киреше бөлүгүн толугу менен бюджетке өткөрүп берүү демилгесин колдошубуз керек”, – деп билдирди депутат Аалы Карашев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: