Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторунда отурган Даниэл Ажиев жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө атайын контингенттин ур-токмогунан же катаал мамилесинен жабыр тартпаганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Ажиевдин жеке өтүнүчү менен камерада жалгыз отурганын эскертет.
Белгилей кетсек, бүгүн Даниэл Ажиевдин адвокаты Таалайкүл Токтакунова аны тергөө изоляторунан сабап жатышканын айтып чыккан.
Эсиңиздерге сала кетсек, Даниел Ажиев март айында коронавируска байланыштуу 7 облуска 7 миллион сомдук жардам көрсөтүүнү чечкенин жарыялап, гуманитардык жардам тарата баштаган. Бирок социалдык тармактарда Ажиевдин акчасы арам жол менен табылганы айтылып, жардамын албагыла деген чакырыктар жазылган. Буга ызаланган Даниэл Ажиев 6 млн кыргыз элин ашата сөккөн.
Даниел Ажиев КРнын Жазык кодексинин 313-беренесинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча шектелип, тергөө абагында отурат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ