Menu

Видео – Эмил Токтошев: “Коронавирустун экинчи толкуну болот деп жатасыңар, бирок айылдагылардын коронавирус боюнча түшүнүгү да жок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Жыйында депутат Эмил Токтошев коронавирус тууралуу маалымат коомчулукка толук жетпей жатканын билдирди.

“Коронавирус тууралуу маалыматты күнүгө чыгып берип жатасыздар. Саны эле айтылып, калган маалыматы жок. Байкаганыбыздай илдет төмөндөгөн жок. Эмне үчүн сиздер оорунун чыккан жерин айтпай жатасыздар? Эгерде толук маалымат берсеңер, элдер өзүн сактап, контакт болуудан алыс болмок. Эч кандай маалымат жетпей, айылдагы жарандар байма-бай жүрүшөт. Бул илдет боюнча оюу, түшүнүгү дагы жок. Маалымат жагынан абдан аксап жатабыз”, – деп билдирди Токтошев.

Ошондой эле, ал коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттар тууралуу маалымат дагы толук берилбей жатканын билдирди. Каражаттын кайда кеткени тууралуу коомчулук билиши керек экенин баса белгилеп өттү.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: