Menu

Тарых музейи менен ат майданындагы кылмыштары үчүн Сапар Исаковду прокурорлор 20 жылга кесүүнү, 247 млн сом айып пул салууну талап кылышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланыштуу козголгон  кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылды.  Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Аталган кылмыш ишинде айыпталуучулардын катарында экс-премьер-министр Сапар Исаков жана президенттин мурдагы кеңешчиси Мира Карыбаева бар.

Мамлекеттик айыптоочулар Сапар Исаковду КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция) боюнча кылмыш жасаган деп айыптап, жалпы 20 жылга эркинен ажыратууну, ошондой эле 247 миллион сомдон ашуун айып салууну суранып жатышат.

Жалпы 20 жылдык мөөнөт Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишинде Сапар Исаковдун соттолгон мезгилин камтыйт. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча сот Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Мамлекеттик айыптоо Мира Карыбаеваны Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылышын жана ага 260 миң сом өлчөмүндө айып салынышын талап кылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2018-жылы Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоп-түздөө иштерине бөлүнгөн бюджет каражаттары мыйзамсыз пайдалангандыгы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул кылмыштын натыйжасында мамлекетке 307 млн 650 миң сом зыян келтирилген. Ал эми Чолпон-Ата ат майданы боюнча кылмыш ишинде мамлекетке келтирилген зыян 202 млн сомду түзгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: