Балыкчы шаарынын тургундары жана эт комбинатынын администрациясы 4 гектар 30 сотых жерге байланыштуу талаш-тартышты чече албай келишет. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Бүгүнкү күндө заводдун администрациясы 1943-жылдагы документтерге таянып, өздөрүнүн жеринен сырткары 4 гектар 30 сотых жерди талашып жатат. Ал жерге элдер үй салып алышкан. Канчалаган адамдар жашап жаткан жерди комбинат өздөрүнүн менчиги катары талашып, каршы чыккан элди коркутуп, мыйзамсыз иштерди жасап жатышат. Ал эми ал жерде жашаган элдердин колдорунда документтери бар. Бирок аны жокко чыгарып, союз убагындагы бир чечимди бетке кармап туура эмес иштерди жасоодо. Ушул маселе боюнча чара көрүүнү өтүнөм”,- деди депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ