Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өттү. Анда депутат Дастан Бекешев мааракелик иш-чараларды онлайн форматта өткөрүү керектигин айтты.
“Мааракелик иш-чараларды онлайн режимде өткөрүү жагын караштыруу керек. Ошондой эле өсүп келе жаткан муун үчүн белгилүү ишмерлер тууралуу документалдык видеотасмаларды, телесюжеттерди көрсөтүү менен чектелүү зарыл. 95 жыл, 115 жыл, 75 жыл деген көп болуп кетти. Биз майрамдарды жакшы көрөбүз. Бирок жергиликтүү, коомдук уюмдарды, жарандарды кыйнайбыз жана тажатабыз. Негизинен бул туура эмес”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ