Чүй облусунун Сокулук районунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук районунда болжол менен саат 13:00 чамасында чөп жүктөлгөн жүк ташуучу унаа менен «Toyota Ipsum» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Жеңил унаада үч, жүк ташуучу унаада эки адам болгон. Алардын баардыгы ооруканага жеткирилген.
“Окуя болгон жерде ЖКККББнын жана райондук ыкчам иликтөө тобу иш алып барышты”,- деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ