Menu

Сейтек Атамбаев: “Адил Сегизбаев УКМКда эч нерсе чече алчу эмес, иштин баарын “Боке”, “Сары Болот” (Болот Сүйүнбаев) чеччү”

Бөлүшүү:

“Атамдын эң ишенимдүү адамы “шофёр” болчу, анан Болот Сүйүнбаев,  андан кийин Фарид Ниязов дегендер бар, ал эми Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдор экинчи планда эле.  Булардын баарынын көзүн май басып, өздөрүн хан сезип калышкан”, – деп билдирди 2-июнда Алмаз Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып.

“Абдил Сегизбаев жөн эле олтурду, УКМКнын кызматкерлерине квартира бөлүштүрүп, ленталарды кесип, бирок эч нерсе чеччү эмес. Ал жерде баарын Боке (Болот Сүйүнбаев) чеччү.  “Сары Болот” деп коюшат аны, ошол киши чеччү.  Баары эле Арашанга келчү “оо, Алмаз акча берчи”  деп. Жалаң эле чыгармачыл эмес башкалары  деле келчү, албетте тилкат жок болгондуктан азыр эч ким моюнуна албайт… Досу, КСДП фрациясынын азыркы лидерине чейин акча берчү. Жан сакчыларын, шоопурларын айтпай эле койоюн, ар бирине үй алып берди. Баары эле “ляппай” деп колун көкүрөгүнө алып ишенимге кирип кетишти”, – деди Сейтек Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: