Menu

Бир эле кылмышы менен мамлекеттик бюджеттен 166 млн сом уурдаган «Түндүк» темир жол бажысынын экc-башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

«Түндүк» темир жол бажысынын экc-башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 3-июнда борбор калаанын Октябрь райондук соту чыгарган. 

Эске салсак, Нурбек Айбашевди 2018-жылы 25-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери кармаган. Ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча айып коюлган. Өтө кымбат бааланган хансарайына тинтүү жүргүзүлүп, сейфтеринен баасы жүз миң доллардык бир нече сааттар, ири суммадагы акчалар табылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Нурбек Айбашев Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга салык төлөбөөгө көмөктөшкөнү аныкталган. Ал жасаган бир эле кылмыштан мамлекеттик бюджетке 166 млн сом акча түшпөй калган.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: