Menu

Депутат Токтошев ЕАЭБдеги Кыргызстандын укуктарын кайра карап чыгууну сунуш кылды

Бөлүшүү:

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болгону менен анын экономикалык таасири билинбей жатат. Мындай пикирин 5-июнда өтүп жаткан парламенттик талкууда Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы, депутат Эмил Токтошев билдирди:

«Андыктан, Бажы биримдигиндеги биздин укуктарды кайрадан карап чыгуу абзел. Буга Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы учурда болуп жаткан көйгөй анык далил».

Эмил Токтошев өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө түшкөн каражаттардын 75% ишкерлер толуктай турганын айтты:

«Улуттук экономикада оңдуу өзгөрүүлөр жокко эсе. Каатчылыкка каршы кабыл алынган программада да кемчиликтер бар. Ушул жагдайга ылайык парламентте экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай багытталган бир катар мыйзам долбоорлору сунушталып жатат».

Парламенттик талкууда «Ишкердиктин субъектилерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө», «Инвестиция чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Салык кодекси жөнүндө», «Электрондук соода чөйрөсү жөнүндө», «Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө», «Туризм жөнүндө», ««Дашман массиви» жана «Сары-Челек» жаңгак-жемиш токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө», «Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө» мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор талкууланып жатат.

Талкууну Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети уюштурган. Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине 2015-жылдын августунда расмий мүчө болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: