Учурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда “Кактус” басылмасы өз маалымат булагына таянып жазып чыкты.
Азыркы учурда Мирлан Бакиров парламентте “Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын өкүлү.
Маалыматтар боюнча, кечээ “Мекеним Кыргызстан” саясый партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү чогулган. Анын курамына Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары – Таабылды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов (экөө тең «Республика-Ата Журт» фракциясынан) кирген. Ошондой эле, аларга Марлен Абдрахманов жана атамекенчи Каныбек Иманалиев катышкан.
Марлен Маматалиев журналисттерге берген маегинде бул маалыматты тастыктаган жок, бирок “Мекеним Кыргызстан” партиясынын иш-аракеттерине катышкандыгын да четке каккан жок. Ал эми Каныбек Иманалиевден комментарий алууга мүмкүн болгон эмес.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, партиянын лидери – Ильичбек Салыевич Эргешов. Ал Ош шаарынын мурунку вице-мэри.
1. Орумбаев Медербек Аманович.
2. Каналиев Бактыбек Эркинович.
3. Эгембердиев Мирусс Тагайбекович.
4. Маткасымов Жаныш Адылбекович.
5. Жумалиев Кубанычбек Маметович.
6. Тажиматов Уланбек Аматович.
7. Жолдошов Өмүрбек Шарабидинович.
8. Акимов Сардалбек Абидинович.
9. Раев Самат Казымалыевич.
10. Кудайбердиев Абды-Маннап Кудайбердиевич кирет.
Аталган партия 215-жылы, парламенттик шайлоодон кийин түзлгөн. Osoo.kg порталынын маалыматы боюнча, анын он уюштуруучусу бар, алардын көпчүлүгү курулуш бизнесине байланыштуу.
2016-жылы партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып, бир нече шаардык кеңештерге, анын ичинде Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине өткөн.
Бул жылы “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында жергиликтүү шайлоолорго катышууда.
Элге кеңири белгилүү маалыматтар боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясы “Ихлас” курулуш фирмасынын ээлеринин жеке менчик партиясы болуп эсептелет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ