“Биз Социалдык фондго социалдык төлөмдөрдү 27, 25% дан 20% га чейин кыскартуу жөнүндө көптөн бери айтып келатабыз”,- деп билдирди бүгүн, 5-июнда депутат Дастан Бекешев бир катар мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угууда.
“Мыйзам долбоорунда социалдык төлөмдөрдү социалдык салыкка айлантуу сунушталууда. Бирок мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду менен байланышкан айрым өзгөчөлүктөр бар, биз аларды Салык кодексине киргиздик. Андан дагы төмөндөтсө болот эле, бирок пенсиялык фонд боюнча коркунучтар бар. Жаңы мыйзамдар менен социалдык чегерүүлөрдүн ставкаларын 20%га чейин төмөндөтүлүп, социалдык салык деп аталат, калгандары өзгөрүүсүз калат. Мамлекеттик салык кызматына чегерүүлөрдү жүргүзүүгө жеңилирээк болот”,- деди ал.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ