Кечээ, 5-июндан бери Нарын облусунун Нарын районунун тургундары жол тосуп, Кочкор районунун чабандарын эзелтен бери пайдаланып келе жаткан Кумбел жайлоосуна өткөрбөй жатышат.
Административдик бөлүнүү боюнча Кумбел жайлоосу Нарын районуна карап, бирок 1958-жылы Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн токтому менен 2020-жылга чейин Кочкор районуна жайыт катары пайдаланууга берилген.
КР өкмөтү ал токтомдун мөөнөтүн 2030-жылга чейин узарткан. Бирок Нарындыктар өзүбүздүн малыбыздын башы көбөйдү, Кочкорлуктарга жайыт бербейбиз деп эки күндөн бери Кочкорлуктарды жайлоого өткөрбөй чыр салып жатышат.
Ал эми Нарын облусттук Ички иштер башкармалыгы кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз жол тосуу” беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, азыр сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ