Menu

Фото – Ырчы Анжелика: “Ош жергесинен досторум көп. Силерден сураныч, бир ачууңуздарды бериңиздер. Сыдыман жаш, кечирели”

Бөлүшүү:

Блогер Элмир Сыдымановдун соттук иши эртең, 8-июнда өтөт. Бул соттук иште айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөп, судья чечим чыгарат.

Ал эми, шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү Сыдыман боюнча ой-пикирлери менен Инстаграмдагы баракчасына бөлүшүп жатышат.

“Ош жергесинен досторум абдан көп. Силерден сураныч, бир ачууңуздарды бериңиздер. Жалпыбыз Кызгызстандыкбыз. Кечирүү эстафетасына кошулалы. Бала жаш”, – деди ырчы Анжелика.

Ошондой эле, ырчы Амир Аскаров жана Жан Сабыров “Сыдыманды бошоткула! #БизСыдыманмененбиз! #Сыдымандыкечиргиле”, –  деген жазуу, хештег менен Инстаграм баракчаларына сүрөт жүктөгөн.

Эскерте кетсек, блогер быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси “Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” боюнча айып коюлган. Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: