Menu

Видео – Казакстанда нааразылык билдирген кишилер кармалды

Бөлүшүү:

6-июнда Казакстандын бир нече шаарында “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирүү үчүн митингге чогулган ондогон адамдар кармалды.

Нур-Султан шаарында полиция акция өтөрү айтылган аянтка эрте келген онго чукул кишини кармап кеткенин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы билдирди. Анын айтымында, полиция аянтта коронавируска каршы дезинфекция иштери жүргүзүлө турганын жүйө келтирген.

Алматы шаарында да полиция жолду тороп, өлкөдө тыюу салынган “Көчө партиясынын” митингге чыккан ондой мүчөсүн алып кетти. Кызыл-Ордо, Чымкент, Семей шаарларында да ондогон адам кармалганы кабарланууда.

6-июнда Казакстанда митинг өткөрүү тартибин оорлоштура турган “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Буга байланыштуу бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык кыймылы» жана журналист, активист Жанболат Мамай жетектеген Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ тарапкерлерин митингге чыгууга чакырган.

Эки күн мурда Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус пандемиясы маалында жарандарды митингдерге чыкпоого үндөп, массалык иш-чараларга тыюу салынганын, адамдардын топтолушу инфекциянын жайылуусуна шарт түзөрүн эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: