Menu

Өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы 25 учур катталды. Бир адам бул илдеттен каза тапты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-июнга карата Кыргызстанда дагы 25 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар:

– Бишкек шаарынан – 18 адам;

– Чүй облусунан – 7 адам;

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2032 адамга жетти.

Ал эми өткөн суткада коронавирустан 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Оорудан айыккандар:

– Бишкек шаарынан – 17 адам;

– Нарын облусунан – 2 адам;

– Жалал-Абад облусунан – 1 адам;

Республика боюнча жалпы 1445 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бүгүнкү күндө оор абалда 13, ал эми жандандыруу бөлүмүндө 3 бейтап жатат. Нарын облусунда 67 жаштагы бейтап бул илдеттен каза болду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: