Бала бакчанын жетишсиздиги өтө чоң көйгөй. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айнура Аскарова билдирди.
“Бизде бала бакчанын жетишсиздиги өтө чоң көйгөй болуп саналат. Ал эми баланы бала бакчага киргизүү андан да чоң көйгөй. Ата-энелер балдарын жогорку окуу жайга киргизгендей убара болушат. Азыркы учурда Кыргызстанда канча бала бакча жетишпейт?”, – деп сурады депутат.
“Бала бакчага биз 2023-жылга чейин балдардын 80 пайызы барып калса деген план коюп жатабыз. Азыркы учурда 200 миңдей балдарыбыз бала бакчага барып жатышат. Толук кандуу иштеш үчүн өлкөгө дагы 1 776 бала бакча керек. Жылына 100 бала бакча куруу шарт”, – деди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ