Menu

Венада БУУ (UNOV) Бөлүмүнүн директору менен чакан мамлекеттердин Форумунун (FOSS) виртуалдык интерактивдүү диалогу болуп өттү

Бөлүшүү:

5-июнда Вена шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун (UNOV) Бөлүмүнүн Башкы директору жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) Аткаруучу директору Гада Фатхи Валинин катышуусу менен чакан мамлекеттердин Форумунун (FOSS) виртуалдык интерактивдүү диалогу жана брифинги болуп өттү.

Бул жолугушуу көптөгөн мүчө мамлекеттер үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Бөлүмүнүн жана Башкармалыгынын башчысы Гада Фатхи Вали кызматка дайындалгандан бери биринчи жолу болду. Г.Вали брифингдин жүрүшүндө Бөлүмдүн жана Башкармалыктын жетекчиси катары акыркы үч айдагы тажрыйбасы, ошондой эле Башкармалыктын максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө айтып берди.

Өзүнүн кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы БУУдагы Туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов Кыргызстан менен БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы 15 жылдан ашуун убакыттан бери кызматташып келе жаткандыгын, акыркы айларда өнөктөштүк мамилелердин бекемделгенин белгиледи. Ошону менен бирге FOSS-платформасынын жайылышынын маанилүүлүгү көп тараптуу платформада кызматташууну кеңейтүүдө кошумча курал болоорун баса белгиледи.

Г.Вали пандемиянын социалдык-экономикалык кырдаалга тийгизген таасирин эске алуу менен Борбордук Азия чөлкөмүндө программалык иш-аракеттердин перспективаларына токтолуп, алдыдагы циклде Борбордук Азиядагы Программалардын Башкармалык үчүн маанилүү экендигине ишендирип, COVID-19 пандемиясынын өнүгүшүндө карата, бир катар иш-чаралардын өткөрүлүшү пландаштырылгандыгын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: