Чүй облусунда Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин эки инспектору пара талап кылгандыгы үчүн кармалган. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Такталгандай, ведомствонун жооптуу кызматкерлери системалык түрдө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча опузалап турушкан. Аларды кармоо операциясын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү боюнча мамлекеттик агенттиги жүргүзгөн.
Финполициянын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Бирок, алар кийинчерээк маалымат берүүгө убада беришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ