Menu

Видео – Ибрагим Жунусов: “2010-жылдагы улут аралык араздашууга жол бергендер жазалансын, эгер күнөөкөрлөр жазаланбаса, мындай окуялар кайталана бериши мүмкүн”

Бөлүшүү:

2010-жылдагы, Оштогу жүздөгөн адамдардын канын төккөн улут аралык араздашуунун 10 жылдыгына карата азыркы элчи, 2011-жылы КРнын вице-премьер-министри Ибрагим Жунусовдун “Энелердин көз жашы” аттуу эстеликтин ачылышында сүйлөгөн сөзүн толугу менен эске салабыз:

Урматтуу калайык калк, урматтуу мекендештер!

Бүгүн бир 1 жыл толуп отурган Ош менен Жалал-Абадда шейит кеткендердин үй-бүлөөсунө жана туугандарына Кыргыз Республикасынын бул жерде отурган өкмөт мүчөлөрүнүн атынан дагы бир жолу көңүл айтып, дагы бир жолу сабырдуулука чакырып коюшка уруксат этиңиздер!

Урматтуу аталар! Урматтуу апалар!

Биз бүгүн сиздер менен абийирдин алдында, бүгүн сиздер менен намыстын алдында, сиздер менен бүгүн чындыктын алдында, чындыка бүгүнкү болгон күнгө тикеден-тике карап отурабыз. Бүгүн “Эненин көз жашы” деген эстелик ачылды бул “Эстелик эненин көз жашы” деген, биринчи кезекте шейит кеткендер үчүн керек эмес, кечээги каргашалуу окуяда кеткендер үчүн керек эмес, биринчи кезекте тирүүлөр, биз үчүн керек! Бул эстелик кулагыбызга коңгуроо болуп кагылып, жүрөгүбүзгө найза болуп сайылып турушу керек, муну көргөн сайын, алдынан өткөн сайын, ушундай окуя болбосун экен деп эстеликке таазим этип, биз тирүүлөр карап турушубуз керек. Ансыз болбойт. “Өлгөндөрдү барктабайын, тирүүлөр данкталбайт” дейт, биз буларга таазим кылбасак болбойт. Мына “эненин көз жашы” деп айтып атабыз, эненин сүтү ыйык деп айтып атабыз, эненин сүтү кандай ыйык болсо, энелердин көз жашы дагы ошондой ыйык. Эненин сүтү, кандай, бир тамчы сүтүн жерге тамганын каалабасак, эненин көз жашы дагы бир тамчысы дагы жерге тамбаш керек. Мына каргашалуу окуя болду деп атабыз, мындай нерселер өттү деп атабыз, карапайым эл гана утулду деп атабыз. Карапайым элге бүгүнкү кыргыз менен өзбекке ушул керек беле?

Шашлык жыттанган, самса жыттанган, шырман нан жыттанган Ош шаары кан жыттанып турбадыбы. Ак-буурабызда кызыл куйруктуу балыктарыбыз аккан Ак-буурада өлүктөр акты. Сулайман-Тоого зыярат кылып чыгып бала тилеп, тынчтык тилеп зыяратка чыкчу элек, ал жерге барып алып зыярат кылбай, тынчтыкты тилебей бири-бирибизди бекинип өлтүрүп аттык. Өлүктөр көмүлбөй жолдо калып атты. Мунун баары бизге керек беле? Булардын баары бизге керек эмес эле!

Кээде мен өзүмө-өзүм суроо коём эмне үчүн адам бири бирине окшош? Эмне үчүн адамдын тагдыры бири-бирине окшош? Эмне үчүн адам өлсө баардыгы бирге жерге көмүлөт? Биз өзбек туугандар менен кыргыздар барсак базарыбыз бир, өлсөк мазарыбыз бир, кийингенде, өлгөндө кепинибиз дагы окшош! Бири-бирибизди өлтүрүп бир көрүстөнгө коюп, бирге ыйлап отурган бүгүнкү күндөр бизге керек беле? Мына өзүңүздөр карап көрүңуздөр, жакшынакай жашоону бузуп, эки элдин достугун бузуп, энелердин көз жашын агызгандар булар кимдер? Булардын улуту барбы? Же болбосо тируубу, же тиррулой өлукпу мына ушул жөнүндө караш керек.

Кээде мен өзүмө-өзум дагы суроо коём. Эмне үчүн 90-жылдагы окуя дагы жыйырма жылдан кийин кайталанды деп. Дагы мындан кийин кайталанбайбы деп. 90-жылы болгон окуялардын кунөөкөрлөрү өз жазасын албай калганынан мына 2010-жылы дагы ушундай күнгө туш келип отурабыз. Ушул күндө күнөлүүлөр, уюштургандар кайрадан жазасын тартпаса тилиме тибиртке чыксын бул окуя кайрадан кайталанышы мумкун. Бул окуя кайталанбасын десек, баарыбыз тикеден туруп карапайым элим бирөөнүн куралы болбой, бирөөнүн дубалы болбой, өзүбүздү ойлоп, өзүбүздүн ким экенибизди билишибиз керек ошондо бул нерселер кайталанбайт!

Мына ыйман жөнүндө сөз болуп кетти, кудайдын ким экенин тааныбай калдык, курандын эмне экенин билбей, куранды аттап кеттик, акын Шайлообек Дуйшеев айткан экен:

Абийир, намыс эмне экенин карабай,

Аттап өтүк уят менен убалдан,

Аттап өттүк аттап бутпөс курандан,

Аттап өттүк ата-энеден, аттап өттүк асмандагы кудайдан.

Урматтуу элим! Урматтуу жердештерим! Биз биринчи кезекте өзүбүздүн дагы пейилибизди оңдошубуз керек. Кандай пейил менен жашап атык эле аны дагы карап көрүнүздөр. Базарда сатылган буудай жыттанган наныбыз айна жыттанып калбады беле, нанга айна салып сатып атпадык беле, мантыларга уйдун, койдун, тооктун,  эти салынган мантыларга эмненин гана этин салып сатпай аттык! Өзүңүздөр байкап көрүңүздөр, жаны төрөлгөн бөбөк “роддомдон” чыга электе, упчуну алып барып мурда мойнуна упчуну такчу элек, упчунун ордуна, упчунун боосуна алтын цепочка деп, жаны төрөлгөн эки күндүк баланын мойнуна алтын цепочка илип аттык. Бешиктерибизди карап көрүнүздөр! Балдардын бешигинде бүркүттүн тырмагы менен карышкырдын тиши турчу эле, азыркы бешикти карап көрсөнуздөр алтын мончоктор менен брилианттар оролгон, ушул бөбөк үчүн керек беле? Балким бул биздин пейилибизден болуп жаткандыр!?

Көчөгө кыздарыбыз батпай кетти! Кыргызстан көчөсүнө, денесин саткан кыздар батпай кетти, бул биздин пейилибзден эмеспи? Баласы апасына кол көтөрүп, кайнатасы келинине көз артып, эмне экенин билбеген заман келип калды эле! Балким ушунун баарын биз пейлибизден көрүп жүрбөйлу? Кудай дагы бизге сынак берип отургандыр? Ушул нерсе баардыгы артта калсын эми, мындай нерсе эми болбосун урматтуу жердештер! Ай айланып жылга жетти, бүгүн жылдык болуп отурат. Ыйды ый чакырат, азааны азаа чакырат, кайгыны кайгы чакырат. Кайгыдан, азаптан, ыйдан айрыла турган бүгүнкү күн келип отурат. Мына бүгүн апаларыбыз көктү чечип, ак кийет, куран окулуп бүткөндөн кийин, аталарыбыз азапты токтотуп кайратка өтөт. Ошондуктан айтаарым урматтуу апалар бүгүнкү куран окулгандан кийинки кийе турган агыңар кут болсун! Аталар азабынар бүгүндөн токтоп кайратынар жан болсун! Мындан кийин андай нерсе болбосун! Мурдагы Ош шаары ыйык шаар, Сулайман-Тоодой ыйык тоосу бар, Ак-Буурадай тунук суусу бар эл бактылуу жашаганга татыктуу, бактылуу жашаганга милдеттуу! Ал милдет, ал бактылуу жашаш ар бирибиздин өзүбүздүн жүрөгүбуздө гана болушу керек, ар бирибиздин өзубуздун колубузда гана болушу керек! Ошондо гана биз бактылуу турмушту алып келебиз. Дагы бир жолу айтаарым, урматтуу апалар, урматтуу аталар, бүгүнкү аземдин катышуучулары. Ушул эстеликтин алдында көз жашын агызган, катып калган көз жаш гана ташка айланбай, энелер дагы ташка айланып отурат. Мындан өткөн азап жок аны баарыбыз түшүнөбүз, бирок ушул азапты азап экен дебестен, бүгүнкү күндөн баштап токтотуп, жашоонун эмне экенин билбестен, бири-бирибизге кечиримдүү болуп, бүгүнкү жазааланбай калган, бүгүнкү өзүнүн баасын албай калган адамдарды, пенденин жазаасы жазаа эмес, кудайдын жазаасынан ошолор арылбасын, кудайдын жазаасы ошолорду жазааласын. Дагы бир жолу айтаарым сөзүмдүн акырында, кимде-ким кайрадан эки элди уруштурганга аракет кылса, эки элге жамандык ойлосо, мен бирөөгө жамандык каалабайт элем бирок сөз келип калганда айтпасам “сөздүн атасы өлөт”. Кимде-ким жаман ойлосо ошол жамандык өзүнө буйурсун! Кимде-ким бирөөго азап кааласа ошол азап өзүнө насип этсин! Кимде-ким бирөөнун үй-бүлөөсүн бузгусу келе турган болсо ошонун өзүнүн үй-бүлөөсү бүзүлсүн! дагы кимде-ким энелердин көз жашын агызам дей турган болсо, ошол агызам дегендин өзүнүн көз жашы эмес, көзү менен кошо кареги агып түшсүн! Кимге жамандык кааласа өзүнө насип этсин! Бар болгула урматтуу жердештер! Аман болгула! Кайраттуулук силерде болсун!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: