Menu

Акыйкатчы: Өзбекстанга турмушка чыккан келиндер чек арадан кезек менен өтүүдө

Бөлүшүү:

Өзбек жарандарына күйөөгө чыккан кыргызстандык келиндер «Достук» чек ара бекетинен атайын тизменин негизинде кезек менен өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын кеңсеси 9-июнда кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери келиндерди өзбек тарапка 14 күндүк обсервациядан кийин кабыл алуу тууралуу макулдашышкан. Бирок ал жактагы карантиндик жайда орун чектелүү болгондуктан кезеги менен өткөрүү чечими кабыл алынган. Келиндердин тизмесин Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги түзүүдө.

Акыйкатчы Токон Мамытов Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлүнө бул маселени тыкыр көзөмөлдө кармоо тууралуу тапшырма берген. Мекеме маалымдагандай, учурда келиндер Өзбекстан аймагында обсервациялык орун бошогонуна жараша эки күндө бирден өткөрүлүп жатат.

Өзбекстанга келин болгон ондогон кыргызстандыктар чек ара ачык учурда келип, кайра үйүнө кете албай калышкан. Буга чейин алар кыргыз чек арачылары өткөргөнү менен Өзбекстан кабыл албай жатканын айтып кайрылышкан. Үйүнө кайта албай калган келиндердин саны 100дөн ашуун экени, алардын жарымы чек арадан өткөнү айтылган.

22-майда акыйкатчы Токон Мамытов Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүп, өзбек тарап менен бул маселени чечүү жолдорун караштырууну өтүнгөн.

“Достук” бекети Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: