Menu

Тажик бийлиги көчөгө беткапсыз чыккандарга айып пул салууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтү көчөгө беткапсыз чыккан кишилерди административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү.

Тажикстан бийлиги коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу үчүн жарандарды медициналык беткап тагынууга милдеттендирген. Бирок бул талапты аткарбагандарга чара көрүү боюнча юридикалык негиз жок болчу.

Дарыканаларда беткап 5тен 35 сомониге ($0,5-$3,5) чейин сатылууда.

Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда жана социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу зарыл экенин билдирген.

Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышын алдын алган ыкмалардын бири деп мүнөздөгөн. Ошол эле учурда бетти жаап жүрүү менен гана COVID-19дан толук сактануу мүмкүн эмес экенин эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: