Menu

Ош шаарынын четиндеги 10 калктуу конушту таза суу менен камсыз кылуу долбоору ишке киргизилүүдө

Бөлүшүү:

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конушту  таза суу менен камсыз кылуу долбоору ишке киргизилүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, аталган долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган долбоорду ишке ашыруу менен он калктуу конуш же Жапалак айыл аймагынын 20 миңден ашуун тургуну таза суу менен толук камсыз болорун маалымадады.

Курулуштун долбоору республикалык бюджеттен каржыланган. Биринчи этап боюнча курулуш иштери 2019-жылдын июнь айында башталган жана 2020-жылдын июнь айынын соңуна чейин толугу менен бүткөрүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында артыкчылыкка ээ экенин дагы бир ирет баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бул багыттагы иштер  жалпы республика боюнча активдүү  жүрүп жаткандыгына ишендирди.

Эске салсак, калкты таза суу менен камсыз кылуу улуттук долбоор болуп саналат жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Аймактарга болгон бардык иш сапарларында Мамлекет башчысы аталган маселеге  өзгөчө көңүл бурат.

2018-жылы бул максаттарга республикалык бюджеттен 350 млн сом, ал эми 2019-жылы 500 млн сом бөлүнгөн. Акыркы үч жылда өлкөнүн 107 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. Бюджеттик каржылоодон тышкары өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары да активдүү тартылууда.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: