“КТРКнын жылдык бюджети канча жана канча кызматкер иштейт?” – деп сурады 10-июнда парламенттин отурумунда депутат Алтынбек Сулайманов.
“Бюджетте 396 миллион сом каралган, факт жүзүндө бөлүнүп берилгени 358 млн сом болду, кызматкерлерининин жалпы саны 910 адам”, – деп жооп берди КТРКнын гендиректору Жайнак Үсөнов.
“Мамлекеттик телеканалдар бизге керекпи? Керек эмес! Мамлекеттик канал дегендерди бүт жоюш керек. Бюджеттен каржыланган мамлекеттик каналдарды менчикке берели. Бир эле КТРКга бюджеттен корогон 400 млн акчага жылына 10 мектеп курсак болот. Мамлекетке 10 мектеп көбүрөөк жардам береби же ушул КТРКабы? Миңдин тегерегиндеги кызматкерлери же жарытып айлык албайт. Мунун баарын менчикке берсе ошол акча бюджетте үнөмдөлөт. Менчик телеканалдарда эркин атаандашуу жүрөт. Маалымат каражаттары эркин атаандашуу болгондо өнүгөт. Ошондо элге бир тараптуу эмес, көп тараптуу маалымат жете баштайт”, – деди депутат Алтынбек Сулайманов.
“КТРКнын азыркы рейтинги 5%га түштү, КТРКны бүгүн эч ким көрбөй калды. Элди баары интернетке өтүп, менчик каналдардан көрүп жатышат”, – деп жыйынтыктады Сулайманов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ