Menu

Видео – Алмазбек Акматов: “Талаш жараткан Кумбел жайлоосун 1992-жылдан бери кен иштетүүчү компаниялар келип, жер кыртышын бузуп, жайыттарды талкалап кетишкен”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Алмазбек Акматов Нарындагы жайыт талаш маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, ал бул маселени парламентте 2018-жылы көтөргөн.

“Эки жумадан бери Нарын районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтү менен Кочкор районундагы Ак-Кыя айылдарынын ортосунда жайыт талашып, ызы-чуу болуп жатат. Бул боюнча элден көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Бул маселени парламентте 2018-жылдан бери көтөрүп келем. Бирок азыркы күнгө чейин жайыттар чечилбей келе жатат. Жакында эле митинг болуп эл жол тосконго чейин барышты. Мындай маселе өлкө боюнча көп. Эки райондун ортосунда талаш болуп жаткан Кумбел жайлоосун 1992-жылдан бери ар кандай кен иштетүүчү компаниялар келип, жер кыртышын бузуп, жайыттарды талкалап кетишкен. Андан кийин калыбына келтирген эмес. Канчалаган гектар жерлер пайдаланууга жараксыз болуп, натыйжада жайыт тартыш болуп жатат. Нарында элдин оокаты мал-чарбачылык менен өтөт. Азыркы күндө малдын башы көбөйдү. Ар бир жайыт өзүнүн аймагында калганы туура. Бул маселе чечилбей келет. Бул боюнча комиссия түзүлүп, элдин көйгөйүн чечип берүүңүздөрдү суранам”, – деди депутат Алмазбек  Акматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: