Мейманкана, клубдарды кура бербестен, балдар үчүн лагерлерди куруш керек. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көлдө балдар лагерлерин жок кылып, пансионаттарды салып алышкан.
“Балдардын келечегин ойлобогондук, мамлекеттин келечегин ойлобогонубуз менен барабар. Ысык-Көлдө туризм сезону башталып жатат. Бирок туристтер келеби, келбейби белгисиз. Карап көрсөм, бардык жерде балдар лагерлери жок кылынып, пансионаттар салынган. Балдар кайсыл жерге барып эс алышат. Андай жер жокко эсе. Карантинден кийин эс алуу үчүн көлдүн жээгине атайын балдар үчүн лагерлерди уюштуруш керек. Анткени карап көрсөк бардык жерде мейманкана жана клубдар. Балдардын келечегин ойлоп, алардын ден-соолугуна кам көрөлү”, – деди депутат Сабиров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ