Menu

Видео – Махабат Мавлянова, ЖК депутаты: “Мигранттарды алып келүүдө мамлекетте каражат жок болсо, ар биринин короосунда бирден унаа бар, ошону сатышсын”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Бул жыйында депутат Махабат Мавлянова эки маселени көтөрүп чыкты. Биринчиси ачыла элек иш-каналар, экинчиси Россиядагы мигранттар.

“Дүйнө жүзүндөгү вирустук эпидемияга байланыштуу Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилип, эл карантинде отурууда. Мына ушул карантинде отургандан бери көпчүлүк жарандарыбыз жумушка чыга элек. Алардын тагдыры, жашоосу, азык-түлүккө муктаждыгы барлардын тагдыры эмне болот? Буга байланыштуу ачылбаган иш-каналарды ачыш керек. Ишканаларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну милдеттендирип, иш алып барууга уруксат беришибиз керек. Себеби 3 айдан бери ачка отурган жарандарыбыз бар деди”, – депутат Мавлянова.

Ошондой эле, анын айтымында сыртта жүргөн мигранттардын көпчүлүгү Россияда. Мигранттары алып келүүдө Россия менен рейстти көбүрөөк ачыш керек.

“Сыртта жүргөн мигранттардын көпчүлүгү Россияда. Алардын саны бир миллионго чейин. Мигранттарды алып келүүдө Россия менен рейстти көбүрөөк ачыш керек. Себеби алардын айлыгы аз, оор жумушта иштегендер ушул өлкөдө. Жашаган турак-жайын төлөй албай, көчөгө чыгарып салгандыктан, өкмөткө үнү жетпей, Саратовдон Самарага жөө келе жаткан жарандарыбыз болуп жатат. Оренбург облусунда ачык асманда жашап, талаада калгандар телефон чалышууда. Бүт органдарга кайрылсам, өздөрү күнөөлү деп жатышат. Өзүңүздөр көрүп жаткандай министрлер, бөлүмдүн башчылары айдоочулары менен кымбат баалуу транспорттор менен кайтып келишүүдө. Мамлекетте каражат жок болсо, ар биринин короосунда бирден кымбат баалуу унаалары бар. Ошону сатышсын”, – деди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: