Menu

Тажикстан түрмөлөрүндө 11 киши “пневмониядан” өлдү

Бөлүшүү:

Тажикстандын бийлиги 30-апрелде өлкөдө коронавирус бар экенин мойнуна алгандан бери түрмөлөрдө 11 соттолуучу кайтыш болду.

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы алар COVID-19дан эмес пневомниядан өлгөнүн билдирүүдө. Башкармалыктын башчысы Мансуржон Умаровдун айтымында, ушул тапта дагы жети кишинин дене табы жогору болуп турат.

Түрмөдө отурган Рахматулло Раджабдын уулу Шухрат Рахматулло атасынын рентген-сүрөтүн дарыгерге көрсөткөн. Ал бейтап COVID-19 менен ооруп жатканын айткан. Шухраттын билдиришинче, атасы сыяктуу эле түрмөдөгү башка кишилер дагы коронавируска тест тапшырган эмес. Аларга керектүү дарылардын баарын туугандары алып беришүүдө.

«Соттолгондорго дары беришпейт. Бир гана беткап беришиптир, аны атам жарабай калганча колдонду. Санитардык норма боюнча беткапты 3-4 саат сайын алмаштырып туруу керек. Атам аны жууп, кайра тагынып турган. Бир градусникти баары колдонушат», – деди ал.

Тажикстандагы саясий туткундарды колдоо боюнча жарандык комитет жарандык коом өкүлдөрүнөн, эл аралык уюмдардын кызматкерлеринен турган комиссия түзүп, жабык мекемелердеги соттолуучулардын абалын көрүп чыгууну талап кылууда. Комитет түрмөдө ооруп жаткандарды өзүнчө ооруканага которуу зарыл деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: