Бүгүн, 11-июнда, Сухэ Батор көчөсүндө жайгашкан “Кайнар” ресторанында саат 12:00дон 13:30га чейин массалык иш-чара өттү. Мекеменин ичинде бир топ жогорку даражалуу саясатчылар жана депутаттар бар.
Ресторандын алдындагы унаа токтотуучу жай кымбат баалуу унаалар менен толуп калган. Ар бир унаанын айдоочусу бар.
Маалыматтарга караганда, ресторанда экс-депутат Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулган. Бабановдун эжеси Эркайым Бабанова апрель айынын башында каза болгон.
Жогорку даражалуу депутаттарды видеого тартып жаткан мэриянын кызматкеринин телефонун Бабановдун сакчылары алып коюшкан жана кайтарып беришкен эмес.
Буга чейин Республикалык штабдын жыйынында Кубатбек Боронов массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда коронавирус инфекциясын жуктургандар көбөйгөнүн айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ