Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Аравандыктар ар дайым эмгекчилдиги жана ак ниеттүүлүгү менен айырмаланып келишет

Бөлүшүү:

«Аравандыктар ар дайым эмгекчилдиги жана ак ниеттүүлүгү менен айырмаланып келишет. Райондун айыл чарбасы аравандыктардын эле эмес, өлкөнүн башка аймактарынын тургундарынын дагы керектөөсүн жапкандыгы менен өзгөчөлөнөт. Силердин продукцияңар толугу менен тышкы рыноктордо дагы атаандаштыкка жөндөмдүү«, — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, фермердик чарбага барганда, райондун тургундары менен болгон баарлашуусунда.

Президент баарлашуунун жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясаты, аймактардын кайра иштетүү секторуна, экспорттук потенциалына колдоо көрсөтүү, өлкөнү санариптештирүү жөнүндө учкай айтып берди.

«Кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө бир катар ири экономикалык долбоорлор бар. Биз аймактарды өнүктүрүүнүн азыркы саясаты жакынкы жылдарда сүт, тери, жүн, эт, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү тармагында сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө алып келерине ишенебиз. Муну менен жаңы жумушчу орундары түзүлүп, ички миграция агымы кыскарат«, — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы ЕАЭБ өлкөлөрү менен катар, Кыргызстан жакынкы коңшулар, анын ичинде боордош Өзбекстан менен соода-сатыкты өнүктүрүүгө, экономикалык карым-катнашты чыңдоого ынтызар экенин кошумчалады.

«Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык« деген кыргызда жакшы сөз бар. Кыргыз эли менен өзбек эли кылымдар бою коңшулаш, ынтымакта жана достукта жашап келишкен. Ата-бабаларыбыз эки элдин ынтымагын аздектеп сактап, туугандык, кудалык менен бекемдеп келген. Эки өлкө бири-бири менен географиялык жактан гана жакын болбостон, биздин тарыхыбыз бир, динибиз жана тилибиз бир, салт-санааларыбыз окшош», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент акыркы жылдарда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык гана эмес,  маданий-гуманитардык мамилелер дагы жигердүү өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Шавкат Миромонович Мирзиеёвдин президенттик кызматка келиши менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамиле бекемделүүдө. Биз мындан ары да коңшулук, эки тарапка тең пайдалуу мамилени сактоого умтулабыз, бардык маселени чечебиз, ага сабырдуулук жана убакыт гана керек. Биздин балдардын, биздин өлкөнүн келечеги үчүн коңшу мамлекеттер менен достукту бекемдөө саясатын улантабыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков аравандыктарга жаратмандык эмгек, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Сооронбай Жээнбековго жакшы сөздөрү менен жылуу маанайдагы баарлашусу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Алар 2010-жылы кайгылуу Июнь окуясында Араван районунда жана Ош облусунун башка райондорунда улуттар аралык ынтымак сакталып калганын жана кан төгүүгө жол берилбегенин ыраазычылык менен белгилешти.

Алар баса белгилешкендей, ынтымактын аркасында жана облус жетекчилери менен жергиликтүү тургундардын жөнгө салынган өз ара аракеттешүүсү менен туруктуу кырдаалды камсыздоого мүмкүн болгон.

Аравандыктар Президенттин өлкөнү өнүктүрүүгө жана коңшу мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөөгө багытталган мамлекеттик ишмердүүлүгүнө күч-кубат жана ийгиликтерди каалашты.

     

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: