Menu

Текебаев менен Сариев “Бүтүн Кыргызстанды” өздөрүнө кошуу үчүн Мадумаровго да фракция жетекчилигин жана спикерликти убада кылышкан

Бөлүшүү:

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн баары азыр “саясый трупка” айланды. Алардын ичинен азыр экөөсү гана – Текебаев менен Сариев агонияга түшүп, “кайра тирилүүгө” жандалбастап жатышат.

Азыр өлүп бараткан “Ата-Мекен” партиясын кайра жандандыруу үчүн Текебаев партиянын ичинен бычакка сап болор эч кимди таппай, парламенттик шайлоого катышууга партиянын потенциалы жок экенин билип, сырттан популярдуу инсандарды чакыруу менен алек.  Акыркы маектеринин биринде “биздин социологиялык иликтөөлөр боюнча Жанар Акаев, Рыскелди Момбековдор өтө популярдуу депутаттар жана артында тарапкерлери көп экени аныкталды” деп экс-КСДПчыларды атап келип, уялганынан аларга атамекенден жалгыз көзгө басары Наталья Никитенкону кошо коёт. Алардан сырткары “Жаңы дем” партиясынан Тилек Токтогазиевди жана бир топ анча белгилүү эмес инсандарды жаңы альянска чакырган.

Мунун баары башка саясый топтордун өкүлдөрүнүн эсебинен “Ата-Мекенди” сактап калуу жандалбасы.

Мунун алдында Текебаев “Бүтүн Кыргызстанды”  өзүнө тартуу үчүн Темир Сариевди бир нече жолу Мадумаров менен сүйлөшүүлөргө жөнөткөн. Биздин инсайдердик маалымат боюнча Темир Сариев Текебаевдин атынан “Бүтүн Кыргызстандын” лидерине келип: “Азыр акыркы шансыбыз. “Ата-Мекен”, “Ак шумкар” жана “Бүтүн Кыргызстан” бир муштумга бирикпесек талаада калабыз. Парламенттик шайлоого чоогу бир тизме менен чыгалы.  “Ата-Мекен” парламенттик партия болгондуктан анын туусу алдында күрөшкө аттаналы. Сиз “Ата-Мекендин” тизмесин 1-номур менен жетектейсиз, эгер утуп келсек, фракция лидери болосуз, эгер башкаруучу коалицияга кошулсак спикерликке же премьер-министрликке ат салышасыз. Текебаев кылмыш ишине байланыштуу шайлоого катыша албай калат,” деп убада кылып көндүрүүгө аракет кылган.

Ал эми Темир Сариев өзүн “саясый труптан” жандандырып, саясаттын объектисинен субъектисине айлануу менен кийинки президенттик шайлоого катышууну мелжеп турат. Кыргыздын жазылбаган мыйзамдары боюнча президенттик кызмат бир түштүккө, бир түндүккө өтүп тургандыктан кийинки кезек түндүк тарапта экенин эске алып, ал азыр өзүнүн трайбалисттик-жердешчилдик деңгээлин ичине катып, кайрадан улуттук саясый оюнчуга айланууга аракеттенүүдө.

Мадумаров “мен мародёр жана банк ячейкаларын тоногучтар менен бир кайыкта боло албайм” таризинде жооп бергенден кийин түңүлгөн Текебаев менен Сариев экс-КСДПчыларды биригүүгө чакырышкан.

Эми Текебаев бийликке чабарман жөнөтүп: “шайлоодон кийин элдин көзү силерге түз болуш үчүн баары бир аз санда болсо да оппозицияны парламентке өткөрүшүңөр керек. Биз конструктивдүү оппозиция болобуз, бизди эле өткөрүп койгула, непадам  бизди өткөрбөй, “Бүтүн Кыргызстан” өтүп кетсе Мадумаров парламентте каныңарды ичип, айлаңарды кетирет” деп шыбырап жатыптыр.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: