Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы жашылча-жемиш өстүрүүчү фермердик чарбанын ишмердиги менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Ош облусунун Араван районундагы фермердик чарбага барды.

Чарбанын жетекчиси Акбарали Холбеков жумуш менен 26 адам камсыз болуп, чарбанын аянты 2.1 гектарды түзөөрүн маалымдады.

Ар түрдүү жашылча-жемиш өсүмдүктөрү, анын ичинде анжир, капуста, курма, картошка, коон, сабиз, пияз ж. б. өстүрүлөт.

Мамлекет башчысы фермер менен биргеликте отургузулган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн көрүп чыгып, аны менен жер иштетүүдөгү ийгиликтин сырлары жөнүндө баарлашты.

Акбарали Холбеков дыйканчылык менен алектенген ар бир фермер үчүн жер алтындан да кымбат экенин белгилеп өттү.

«Кыргызстан Сиздей эмгекчил адамдар менен бай жана күчтүү», — деп айтты Президент жана элеттик ишкердин жасаган эмгеги, жашоого болгон энергиясы жана позитивдүү маанайы үчүн ыраазычылык билдирди.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: