“2010-жылы июнь коогасы башталганын УӨ курамы Отунбаева баш болушуп Исмаил Исаковдун 60 жашын анын үйүндө белгилеп отуруп угушкан. Өлкөдө эмне болуп жатканын билишпей, алдын ала чара көрүшпөй, анан эми түштөн кийин баатыр болуп эскеримиш этишет”, – деп жазат бүгүн, 11-июнда журналист Адилет Айтикеев өзүнүн фейсбук баракчасында.
“Өзбекстан тараптан талаа командири Махмуд Худайбердиевдин куралчан тобу келе жатат деген кабар Ошко тараганда Исмаил Исаков баш болуп бир даары качып жоголушкан. Ошол тушта Ош мэриясына кирип калган Таалайбек Кошоков деген Акыйкатчынын орун басары айтып берди эле: “мэрияга кирсем ооздо сакчылар анан Мырзакматов кабинетинде жалгыз экен. Жанына пистолетти коюп алып отуруптур” деп. Азыр болсо Мелис Мырзакматов чет жакта жүрөт. Ал эми калгандары “баатыр” болуп интервью берип жатышат”, – деп жыйынтыктайт Адилет Айтикеев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ