Menu

Видео – Аида Касымалиева: “Күзгө чейин медициналык карапайым кызматкерлерге турак-жай куруп бериш керек”

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева дарыгерлердин турак-жай маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, медициналык карапайым кызматкерлерге күзгө чейин турак-жай куруп бериш керек.

“Социалдык шаарчалар, социалдык айылдар ар кандай фонддор тарабынан курулуп жатат. Ошолорду белгилеп туруп, медициналык карапайым кызматкерлерге ири райондорго, ири шаарларга турак-жай куруп бериш керек. Ага өкмөттүн күчү жетет. Азыр деле ошол шаарчалар жесир айымдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө курулуп жатат. Коронавирус башталгандан бери дарыгерлерибиз күн-түн дебей, өмүрүн тобокелге салып, кызмат кылды. Курулуш компания менен жолугуп, канча үй, канча объект курулуп жатканын тактап, дарыгерлерге турак-жай бериш керек. Андан тышкары ипотека мугалимдерге, дарыгерлерге деп айтылганы менен бул иш алдыга жылбай жатат. Себеби мисалга ала турган болсок, дарыгер 4 миң айлык алса анын акчасы ипотекага жетпейт. Ошондой айлыгы бар адамдарга ипотеканы дагы өзүнчө караш керек. Эң башкы маселе күзгө чейин турак-жай маселесин чечип берүү керек”, – деди депутат Аида Касымалиева.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: