Кыргызстанда АКШ доллары бир суткада 30 тыйынга кымбаттады. Биздин сом менен 75 сомго жетти.
Бүгүн, 12-июнда доллар 74-74,2 сомдон сатып алып, кайра 74,9-75 сомдон сатышууда.
Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта 3 сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго чейин чыгып кеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган. Доллардын кымбатташына байланыштуу азык-түлүк товарларынын баасы дагы көтөрүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ