Menu

Бабановдун көп адам катышкан, бирок мамлекет тыюу салган иш-чарасын өткөргөндүгү үчүн “Кайнар” ресторанына 3 миң сом айып пул салынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-июнда “Кайнар” ресторанында жогорку кызматтагы адамдардын жана саясатчылардын катышуусунда куран окулду. Иш-чарада көп адамдар чогулуп, ресторандын алдындагы унаа токтоочу жай кымбат баалуу унааларга толуп калган.

Бул ресторанда экс-депутат Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулган. Бабановдун эжеси Эркайым Бабанова апрель айынын башында каза болгон.

Жан сакчылардын бири “Kaktus.media” басылмасынын кабарчысына видео тартууга тоскоолдуктарды жараткан.

Ошондой эле, “Кайнар” ресторанына тыюу салынганына карабастан массалык иш-чараны өткөргөнү үчүн 3 миң сом айып пул салынды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: