Menu

Таласта коронавирус аныкталган 3 адамдын бири мэриядагы ишканалардын биринде иштеген кызматкер

Бөлүшүү:

Талас облусунда коронавирус аныкталган 3 адамдын бири мэриядагы ишканалардын биринин кызматкери.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Талас облусунда бул илдетти жуктурган 3 учур катталган. Коронавирустун биринчи учуру Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринен аныкталган. Экинчиси анын жолдошунан. Ал эми үчүнчү адам анын кошунасы. Кошунасы делген адам Талас шаардык мэриясынын ишканаларынын биринде иштеген.

Бүгүнкү күндө мекеме дезинфекцияланып, кызматкерлеринен анализ алынган. Ал эми 3 адам облустун жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланышууда.

Белгилей кетсек, бүгүн өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы 37 учур катталды. Жалпы саны 2166. Ооруканалардан 1668 бейтап айыгып, чыгарылды. Илдеттен 26 адам каза тапты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: