Menu

“Балалыгың үчүн кечирим сурайм!” Абакта жаткан Равшан Жээнбеков кенже кызына кат жазды

Бөлүшүү:

“Балалыгың үчүн кечирим сурайм!” Абакта жаткан Равшан Жээнбеков кенже кызына кат жазды. Бул тууралуу, кызы Айжан социалдык тармактагы баракчасына атасынан келген катты жүктөгөн.

Равшан Жээнбеков катында анын саясый күрөшүнө кызынын күбө болгонуна өкүнүп жатканын билдирет.

“Чындыгында, мен сага бактылуу балалыкты тартуулай албаганыма өкүнөм. Өзүңдү коргошуң керек. Мени кечир”, -деп жазган Жээнбеков.

Муну менен катар ал прогресс үчүн, келечек үчүн, балдардын жакшы билим алышы үчүн күрөшөөрүн белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин Атамбаевдин неберелери Селим жана Али Атамбаевдер да абакта жаткан чоң атасына кат жазышкан. Катта Селим жана Али Атамбаевдер чоң атасын сагынганын жана анын үйгө кайтып келүүсүн тилешкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

72 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: