“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы “Ихлас” курулуш компаниясынын кожоюну Нурбек Осмоновдуку экени жамы журтка белгилүү.
Бишкек шаардык жана башка жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо бир да үгүт иштерин жүргүзбөй туруп эле көп добуштарга ээ болгону да көп сөз болгон.
Акыркы күндөрү бул партиянын ичинде кызык жүрүштөр байкалып жатканын биздин жеке булактар билдирүүдө.
Быйыл күзүндө боло турган парламенттик шайлоого карата “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын тизмесинен партиянын кожоюндары бир тууган Осмоновдор чыгарылып, партиянын лидери катары азыркы “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү, вице-спикер Мирлан Бакиров N1-болуп бара турганы белгилүү болду.
Ошол эле учурда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен партиянын дагы бир мүчөсү Тынчтык Шайназаровду “Мекеним Кыргызстан” партиясы өзүнүн шайлоо тизмесине албай койгону кызык.
Ал эми түндүк-түштүк балансын сактоо максатында Каныбек Иманалиев баштаган саясатчылар “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын парламенттик шайлоо тизмесин толуктаганы айтылууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ