Бүгүн, 12-июнда Бишкек милициясы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турган 4 жаранды опузалап акча талап кылуу жана мыйзамсыз ок атуучу курал көтөрүп жүрүү фактылары боюнча кармады. Бул тууралу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.
9-июнда Бишкектин Октябрь райондук милициясына К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “И” аттуу жаран бир жылдан бери эч себепсиз эле андан $1000 акча талап кылып, коркутуп-үркүтүп келатканын билдирип, ага каршы чара көрүүнү суранган.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, райондук милиция КР Кылмыш кодексинин 203-(опузалап акча талап кылуу) беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштаган.
Натыйжада милиция “Цапля” жана “Рина” каймана аттары менен белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (“Коля киргиз”) уюшкан кылмыштуу тобуна кирген, 1983-жылы туулган М.И., 1974-жылы туулган А.Р. аттуу жарандардын изине түшүп кармаган. Алардан сырткары булар менен чоогу аракеттенген 1979-жылы туулган М.А. аттуу шектүү жаран да колго түшкөн.
Булардан сырткары “мыйзамсыз курал алып жүрүү” беренеси менен Камчы Көлбаевдин тобуна кирген, 1979-жылы туулган Г.Р. аттуу жаран да кармалган. Ал бараткан «Мерседес-Бенц» автоунаасын токтотуп тинтишкенде , унаанын ичиндеги барсеткадан бычак жана номурлары өчүрүлгөн револьвер менен анын 5 патрону табылган.
Кармалгандардын баары азыр Бишкек шаардык милициянын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери башталды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ