Нарын облустук бириктирилген ооруканада коронавирус илдети менен ооруган 66 бейтап бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылап жаткан видеотасмасын көрсөтүштү. Бул тууралуу кечээ, 12-июнда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Фейсбук соцтармагындагы официалдуу баракчасына видеотасманы жарыялаган.
Видеотасмада жеке коргонуу шаймандары менен иштеген медициналык кызматкерлердин бейтаптарды дарылап жатканын көрө алабыз. Ошондой эле, бейтаптар дарыланып жаткан ооруканадагы бөлмөнүн абалын дагы байкасак болот.
Бүгүнкү күндө Нарын облусунда коронавирус илдетин жуктурган 401 учур катталды. Ал эми өлкө боюнча 2166 адам бул илдетти жуктуруп алган. 1668 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган. 26 адам коронавирустан каза тапты.
https://www.facebook.com/776789385773720/posts/2993621630757140/?vh=e
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ