Menu

Видео – Чүйдүн өрт өчүргүчтөрүнөн куралган “ГПС-600” ырчылар тобу өрт өчүрүүчү шаймандардын коштоосунда ырдашты

Бөлүшүү:

Быйыл 15-июнда Кыргызстанда өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнө 94 жыл толот. Буга байланыштуу өрт өчүрүү кызматкерлери аспаптардын коштоосунда ыр аткарышкан. Бул тууралуу кечээ, 12-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Видеотасмада көрүнүп тургандай, өрт өчүрүүчүлөр арасында таланттуу кызматкерлер шаймандарды жана аспаптарды колдонуп “Тоолор” аттуу ырды жандуу үн менен аткарышкан.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Акжол Үсөн уулунун айтымында, майрам күндөрү таланттуу кызматкерлер чогулуп, Кыргызстан, сүйүү жөнүндө чыгармаларын тартуулашат.

“Таланттуу кызматкерлер майрам күндөрү чогулуп, Кыргызстан жөнүндө, жаратылыштын кооздугу жана сүйүү жөнүндө ырларды аткарышат. Биз өрттү дагы өчүрөбүз, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин дагы жоёбуз, ошону менен бирге чыгармачылык да жөндөмүбүз бар. Биз эски, колдонуудан чыккан жараксыз шаймандардын жана комуз, аккардеондун коштоосунда ырдайбыз”, – деди ал.

https://www.facebook.com/218499755245564/posts/982699418825590/?vh=e

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: