Кечээ, 12-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында саат 16:00 чамасында көлдүн үстүндө чоң куюн болду. Аны жергиликтүү тургундар видеотасмага тартып алышкан.
Тасмадан түнөргөн асмандан ичке сызык болуп сууга түшкөн куюнду көрүүгө болот.
Куюн – чагылгандуу булуттарда пайда болуп, кара булуттар түркүк же пилдин тумшугу сымал төмөн көздөй таралган атмосфера куюну. Көпчүлүк учурда жер бетине чейин жетет. Куюн көпкө созулбайт. Айыл чарбага жана курулушка чоң зыян келтириши мүмкүн. Кургактыктагы куюн тромб деп да аталат. Илгери ата-бабаларыбыз “булут суу ичкени түштү” деп коюшчу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ