Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Бир жуманын ичинде экономикалык объекттерге 4 миң рейд жүргүзүлдү, миллиондогон акчага айыппул салынды”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын өткөрдү. Ал жыйында коронавирус илдети боюнча статистикалык маалымат берди. Андан тышкары, бир жуманын ичинде 4 миң рейд жүргүзгөнүн белгилеп өттү.

“Өзүнүн экономикалык ишмердүүлүгүн жандандырган объекттердин бардыгын катуу көзөмөлгө алып жатабыз. Көптөгөн рейддерди жүргүзүүдөбүз. 4 миң рейд бир жуманын ичинде жүргүзүлдү. Миллондогон акчага айып салынып жатат. Биз барыбыз санитардык эрежелерди кармабасак, айып салуу менен жакшы жыйынтыкка келе албайбыз. Коркунуч зор экенин жакшы түшүнүшүбүз керек”, – деди ал.

Ошондой эле Үсөнбаев улуу муундун өкүлдөрүнө кайрылуу жасап өттү.

“Улуу муундагы адамдарга кайрылуум бар эле. Сиздер ооруканаларга, көчөлөргө, эс алуу жайларына барып жатасыздар. Бираз үйдө отуруп, сыртка чыкпоого чакырып өтөт элем. Мындан тышкары, той-аштарга сакалдуу адамдарды чакырышууда. Аларды дагы азайтуу керек”, – деди ал.

Булак: KyrgyzToday.kg    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: