Menu

Видео – Кыргызстанда дагы 87 адамдан коронавирус аныкталып, алардын жалпы саны 2372ге жетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июнга карата Кыргызстанда дагы 87 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 48, Чүй облусунан – 11, Ош шаарынан – 18, Ош облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 3 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2372ге жетти.  Алар:

– Жалал-Абад облусунда — 185 адам;

– Ош облусунда — 255 адам;

– Ош шаарында — 269 адам;

– Бишкек шаарында— 726 адам;

– Нарын облусунда — 407 адам;

– Чүй облусунда — 215 адам,

– Баткен облусунда — 36 адам;

– Талас облусунда – 8 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 31 адам.

– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 22 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 1813кө жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 7 адам; Чүй облусунан – 1 адам, Ош облусунан – 1 адам; Нарын облусунан – 13 адам.

Илдеттен улам каза болгондордун саны 27ге жетти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: