Menu

Кой-Таш окуясы боюнча сотто айыпталуучулардын туугандары чыр-чатак чыгарышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча соттук отурум улантылышы керек болчу.

Айыпталуучунун адвокаты Рысбек Карыпбек уулу ооруп калганына байланыштуу соттук отурум болгон жок. Судья тыныгуу жарыялады. Соттолуучуга башка жактоочу берилет.

Сот имаратынын кире беришинде айыпталуучулардын туугандары чыр-чатак чыгарышты. Милиция кызматкерлери аларга сот отуруму жабык болгондуктан имаратка кире алышпай тургандыгын айтышты.

Соттолуучулардын тарапташтары сот имараты төраганын жеке дүкөнү эмес экендигин айтып, анын кесепетинен укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен келгендердин ортосунда чыр-чатак чыкты. Соттолуучулардын туугандары болбой эле коридорго кирип кетишти.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча депутаттар – Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталып жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: