Бүгүн, 15-июнда Бишкекте Ак үйдүн жанында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы нааразычылык митинги болуп жатат. Акциянын катышуучулары тартип менен 1,5 метр аралыкты сактап, чогулушкан.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыккандар менен журналисттерден парламент имаратынан 200 метр аралыкта жылууну суранышкан. Ошондой эле алар акцияга чыккандарды таркатуунун аракетин көрүшкөн.
Бул митингке чыккандардын арасында провокациялар болбой койгон жок. Болжол менен Укук коргоо органынын кызматкери нааразы болгондордун бирин катуу тепкилеп салган. Буга кабарчылар дагы күбө болушкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ