Menu

Бишкек шаарында “Ала-ТВ” компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында “Ала-ТВ” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда жергиликтүү ЖМКлардын бири жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Такталгандай, май айынын аягында Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен Артур Халдаров СИЗО-1ге 12-июлга чейин камакка алынган.

Маалыматтар боюнча, “Ала-ТВ” компаниясынын негиздөөчүсү радиожыштыктарды мыйзамсыз сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча шектүү экендиги жөнүндө кабарлама берилген.

Белгилей кетсек, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция боюнча кылмыш ишин териштирүүдө. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Наталья Черногубова кармалып, УКМКнын абагына камалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттап, мыйзамдарды бузган. Мындан улам мамлекетке зыян келтирилген. Кийинчерээк, тергөө ишинин алкагында УКМКнын эки кызматкери да кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: